Баланын кулагынын ооруп жатканын кантип билсе болот?

Автор

1-2 жаштагы балдар тили чыга элек болгон күндө да кулагынын ооруганын түшүндүрүп бере алышат. Чыдатпай ооругандыктан чыргоолонуп, алы кетип, колу менен кулагын көрсөтүп ыйлайт.

Эмчектеги бала себепсиз чыңырып ыйлап, тынчы кетет. Эмизип жаткан учурда башын тартып, ачка болсо деле эме албай кыйналат. Кулагынын тешигин тосуп турган кичинекей кемирчекти акырын басып көрүңүз, бала кол тийгизбей чыңырып ыйласа, демек, кулагынын ооруп жатканы анык.

Кандай чараларды көрүү зарыл?

Кулак оору көпчүлүк оорудай эле кечкисин жана түнкүсүн башталат. Эртең мененкиге чейин ооруну басып туруу үчүн алгач кулактын ичин фонариктин жардамы менен жакшылап карап чыккыла.

Эгер ичи таза, эч кандай ириң же нымдашып турганын байкабасаңар анда, кебезден түтүкчө жасап, “борный спиртке” малып, кулактын ичине салып койгула. Бет арчы же жалаякты үтүк менен жылытып, кулакты бассаңар болот. Бирок, жылуулукту кулактын үстүн жаап эмес, тегерете басуу керек. Ошондой эле, ооруну басуучу (обезболивающий) дары ичсеңер болот. Кичинекей балдарга Ибуфен, балдар үчүн (детский) парацетамол берүү керек.

Ал эми кулактын ичи жылтырап, нымдашып турса, анда жылуулук баскан такыр болбойт! Жылуулук, ириңди көбөйтүп, кулактын оорусун күчөтөт. Мындай учурда ооруну басуучу дарылардан ичип, эртеси дароо ЛОРго көрүнүү зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте №24 мектепке бомба коюлгандыгы айтылып, окуучулар эвакуацияланды

Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан №24 мектептин окуучулары бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды.  Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин маалымат кызматынан ырасташты. Учурда жеринде ыкчам топ жана кинологдор иштеп жатат. Эске сала кетсек, өткөн жумада бир нече ирет №33 мектепке бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн, бирок билдирүү тастыкталган эмес. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн