Бердымухамедовдун урматына шаар курулат

Автор

Түркмөнстан азыркы президенттин атасы Гурбангулы Бердымухамедов атындагы жаңы шаар курууга беш миллиард доллар сарптайт.
Ахал велаятынын жаңы административдик борбору шаар статусун алды. Ал “Аркадаг” деп аталат. Бул Бердымухамедовго президенттиктен кеткенден кийин ыйгарылган наам.
Жаңы шаар Ашхабаддан 30 километр алыстыкта ​​курулуп жатат. Бердымухамедов аткаминерлерге аны Гиннестин рекорддор китебине киргизүүнү буйруду. Шаардын калкынын саны 73 миңге жакын болот. Аркадагдын курулушунун биринчи этабы 3,3 миллиард долларды түзөт. Экинчи этапка болжол менен 1,5 миллиард доллар сарпталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 31-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 47 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом  20 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн