Гүлнара Каримовадан алынган акча балдардын өмүрүнө жумшалат

Автор

Өзбекстандын туңгуч президенти Гүлнара Каримованын тун кызынан алынган 43,5 миллион доллар Өзбекстандагы энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча БУУнун программасын колдоого жумшалат. Бул тууралуу «Uzbekistan Vision 2030» фонду билдиргенин БУУнун Өзбекстандагы кеңсеси кабарлады. Программаны үч уюм, ЮНИСЕФ, ЮНФПА жана ДССУ биргелешип ишке ашырат. Ал 30 айга эсептелген жана республика боюнча 600 миң аялды жана жаңы төрөлгөн баланы камтыйт. Программанын негизги максаттарынын бири аз салмактагы ымыркайлардын жашап кетүү деңгээлин азыркы 75 пайыздан 90 пайызга чейин жогорулатуу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү!  Аба ырайы кескин өзгөрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 21-22-23-сентябрь күндөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн