Транспорт министрлигине 12,1 млрд сом бөлүндү

Автор

Транспорт министрлигинин 2023-жылга бекитилген бюджети 16 млрд 749,8 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 10 айдын ичинде 12,1 млрд сом каржыланды. Алар:

 

– жолдорду оңдоого жана тейлөөгө 2 087,3 млн сом;

 

– битум сатып алууга 395,7 млн ​​сом;

 

– 346,9 млн сом кредитордук карызды жабууга;

 

– жабдууларды сатып алуу 1 119,4 млн сом;

 

– Жол фондуна 1 758,3 млн сом;

 

– Мамлекеттик инвестициялык программа (МИП) боюнча 5 266,4 млн сом

 

– Капиталдык салымдар 1 445,8 млн сом.

 

Бүгүнкү күндө калдык 3,6 млрд сомду түзөт.

 

Каралган каражаттардын алкагында 2023-жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары:

 

– 1332,0 млн сом суммасында жол куруу техникасын сатып алууга;

 

– 30 миң тонна өлчөмүндө битум сатып алуу;

 

– учурдагы бюджет боюнча 249,6 км жолду асфальттоо;

 

– “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржыланган объектилер үчүн 188,8 км жолду асфальттоо.

 

Белгилей кетсек, коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында КР министрлер кабинети тарабынан Жол фонду түзүлүп, анын негизинде 2022-жылдын май айынан баштап иш-чараларды каржылоо Жол фонду тарабынан жүзгүзүлө баштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Айтыш 14 акындын арасында жүрүп, баш байгени Асылбек Маратов илип кетти. Ага 150 миң сом […]

Сизге жагышы мүмкүн