

2023-жылдын I жарым жылдыгында калкка социалдык жардам көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 9,6 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
— 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул «Үй-бүлөгө көмөк» — 2,7 млрд сом;
— «Балага сүйүнчү» баланын төрөлгөндүгү үчүн бир жолку жөлөк пул — 292,1 млн сом;
— социалдык жөлөкпулдар — 4,2 млрд сом;
— кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар — 287,4 млн сом;
— сөөк коюу кызматтарын көрсөтүүгө — 37,2 млн сом;
— калкка жеңилдиктердин ордуна компенсациялар (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин катышуучулары ж.б.) — 515,6 млн.
— кесиптик окууга чыгашалар (жумушсуздарды окутууга) — 17,2 млн сом;
— коомдук иштерди уюштурууга кеткен чыгымдар — 29,4 млн сом;
— аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракт — 987 млн сом;
— туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жеке жардамчысы үчүн — 568,2 млн сом;