Малга салык салуу сунушталды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал ээлерине салык салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом.

Ошондой эле айыл чарба жаныбарларына салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга ж.б. жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 % жергиликтүү бюджетке түшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия бензинди экспорттоого тыюу салышы мүмкүн

Орус өкмөтү ички рынокто күйүүчү майдын жетишсиздигин алдын алуу үчүн бензинди экспорттоого тыюу салуу маселесин карап жатканы маалымдалды. Өткөн аптада Санкт-Петербургдун фондулук биржасында АИ-95 бензининин дүң баасы 2021-жылдагы рекордду жаңылап, тоннасына 60 миң рублдан ашты. «Коммерсантъ» гезити апрелдин орто ченинде жазгандай, Батыштын февраль айынан бери күчүндө турган чектөөлөрүнө карабастан, бензиндин […]

Сизге жагышы мүмкүн