G7 өлкөлөрү экологияга 100 миллиард доллар бөлөөрүн билдиришти

Автор

G7 өлкөлөрүнүн климат, энергетика жана айлана-чөйрө министрлери 2023-жылы климатты каржылоо боюнча жылына 100 миллиард доллар өлчөмүндө бөлүү ниетин билдиришти.
Саппородогу эки күндүк жыйындын соңунда температуранын жогорулашын орточо градуста кармап туруу үчүн зарыл болгон инвестициялык боштукту жабуу, климаттын өзгөрүүсүндөгү тобокелчиликтерден коргоо үчүн чукул өзгөртүүлөр зарыл экени айтылды.
Жыйындын 2025-жылга чейин жылына 100 миллиард доллар өлчөмүндөгү жалпы климаттык каржылоону тартуу максатын ырасташты.
16-апрелде Япониянын Саппоро шаарында өткөн Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн климат, энергетика жана айлана-чөйрө министрлеринин эки күндүк жыйыны аяктады.

Бөлүшүү:
Next Post

Министр: Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары Түркиядагы жер титирөөдөн азыраак

Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн согуштук аракеттер башталгандан берки жоготуулары Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын санынан аз экенин Украинанын коргоо министри Алексей Резников La Razon басылмасына берген маегинде билдирди. “Согушуп жаткандыктан жоготууларыбыз бар. Бирок россиялыктарга караганда сан жагынан кичине. Цифра айта албайм, бирок жалпы сан Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун санынан аз экенине […]

Сизге жагышы мүмкүн