reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

CAFA Кыргызстанды 3:0 эсебинде жеңүүчү деп тапты

Son Güncelleme :

14 июня 2023 - 9:11

reklam
CAFA Кыргызстанды 3:0 эсебинде жеңүүчү деп тапты
reklam

Борбордук Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Афганистан беттешинде орун алган окуя боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган оюн учурунда афган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен.

CAFA чечимине ылайык:

Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланды;

Мелдештин регламентин бузгандыгына карабастан турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында Афганистандын курамасына турнирде катышуусун улантууга уруксат берилди;

Афганистандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-турумун CAFA`нын дисциплинардык комитети карайт (андан аркы санкциялар киргизилиши мүмкүн).

reklam