Бишкектик таэквондочулар эл аралык турнирде 20 медалга ээ болушту

Автор

Бишкектик таэквондочулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Dream Cup Open 2023» эл аралык турниринде 20 медалга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-17-декабрь күндөрү өткөн олимпиадалык WT таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышып, 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.
Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Энергетиктердин кесиптик майрамы

Бүгүн, 22-декабрь — Энергетиктердин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу өлкөнүн айрым региондорунда энергетика тармагына эмгек сиңирген кызматкерлер сыйланып, белектер берилет. Мындан бир кылым мурун — 1920-жылы 22-декабрда, Кыргызстанда алгачкы ирет гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Кыргызстанда Энергетиктердин күнү Өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн