968 миллиондой адам катыша турган эң ири шайлоо башталды

Автор

Индияда дүйнөдөгү эң ири парламенттик шайлоо башталды. Добуш берүү жети этапта өтүп, 968 миллиондой шайлоочу катышат.
Шайлоо 19-апрелден 1-июнга чейин болот. Добуштарды саноо 4-июнда аяктайт. Добуш берүү Индиянын бардык 28 штатында жана сегиз союздук аймагында өткөрүлөт. Анда бир миллиондон ашык шайлоо участкалары жайгаштырылат.
Лок Сабха шайлоосунун биринчи этабы үчүн добуш берүү жума күнү саат 08:00дөн 17:00гө чейин болот. 21 штаттын жана союздук территориялардын шайлоочулары болочок парламенттин 102 мүчөсүн шайлашат. Акыркы шайлоо 2019-жылы болуп, Нарендра Модинин партиясы жеңген. Алдыдагы шайлоодо Моди үчүнчү жолу премьер-министр болууну көздөп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктарга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай туруу сунушталды

Кыргызстандын жарандарын Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу бул өлкөлөргө барбай туруу сунушталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан баш тартууну сунуштайт. Ошол эле учурда жогоруда аталган өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык мекендештер кырдаал турукташканга чейин коопсуздугуна көңүл бурушу керек. […]

Сизге жагышы мүмкүн