reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

Алтын сертификат: Нурислам Абдисаматов Кореяга ЖОЖго тапшырды

Son Güncelleme :

14 июля 2023 - 10:51

reklam
Алтын сертификат: Нурислам Абдисаматов Кореяга ЖОЖго тапшырды
reklam

Быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгында  230 упай топтогон   Жайыл районунун Ново-Николаевка айылынын Жыйыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин бүтүрүүчүсү Нурислам  Абдисаматов Кореядагы окуу жайдын сынагын ийгиликтүү тапшырды. Биз Нурислам менен байланышканда  бул жеңиш эмес, ийгиликтер али алдыда экендигин жана   баардыгы күтүүсүздөн болгондугун  айтты:

“ ЖРТга жылдын башынан тарта аябай даярданып баштагам.  Бирок “Алтын сертификат” алам деп ойлогон эмесмин. Азыркы актуалдуу кесиптердин бири IT тармагын тандадым. Учурда Кореянын жогорку окуу жайларынын бирине тапшырдым.  Ошондой эле  Кыргызстандагы  да университеттерди байкаштырып жатам. Келечекте кыргыздын керегине жараган уулдардын катарын толуктагым келет. Мектеп окуучуларына айтарым алдыга максат коюп ага жетүүгө аз-аздан болсо да аракет кылгыла. Багыттыңар түз болсо, ойлогон оюңарга жетесиңер”, -деди.

reklam