Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогорку. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, айдоочуларды этият болууга чакырды.
Маалыматка караганда, 27синен 30-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Кар көчкү түшүү коркунучу жогору ашуулар:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Мырзаке-Кара-
Кулжа-Алайку унаа жолунун 45-115 чакырымдары.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Дастан Бекешев: “Адам өмүрүн кыйган дарыгерлер камалышы керек”

Жаңы-жылдан кийин медициналык уюмдарды, дарыгерлерди, ооруканаларды кайрадан текшерүүгө алуу талабы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Эл өкүлү операция жасап, дарылаган дарыгерлерди аттестациядан өткөрүүнү жана соттук медициналык экспертизаны жөнгө салууну суранды. “Мага тишин алдыруу учурунда каза болгон 3 жашар кыздын ата – энеси […]

Сизге жагышы мүмкүн