83 жаштагы шейх Кувейттин жаңы эмири болду

Автор

Кувейттин эмири Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах 87 жашында көз жумду.
Ал Кувейттин онунчу эмири Ахмед Аль-Жабер ас-Сабахтын алтынчы уулу. 2020-жылы Кувейттин эмири болуп жарыяланганга чейин ал Хавалли провинциясынын губернатору, өлкөнүн ички иштер министри жана коргоо министри болуп иштеген.
Кувейттин өкмөтү ас-Сабах династиясынын 83 жаштагы мүчөсү, Навафтын иниси мураскор принц Машаал аль-Ахмед аль-Жаберди өлкөнүн жаңы эмири деп жарыялады.Ал Хендон полиция колледжинин бүтүрүүчүсү, мамлекеттик коопсуздукту жетектеген, Ички иштер министрлигинде иштеген, ошондой эле Улуттук гвардиянын командачысынын орун басары болуп эмгектенген.

Бөлүшүү:
Next Post

Арстан Алай 15-январга чейин камакта калды

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 15-январга чейин камакта калды. Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Абдылдаев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды […]

Сизге жагышы мүмкүн