7-май – эл аралык радио жана байланыш кызматкерлеринин күнү

Автор

Бүгүн, 7-май — Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү.
Ал эми бул майрамдын тарыхына токтоло турган болсок, мындан 125 жыл мурун орус окумуштуусу Александр Попов байланыш тармагында ачылыш жасап, 7-майда радио байланышты ойлоп тапканын жарыя кылган.
Совет доорунда 1945-жылдан бери 7-май– радио күнү расмий белгиленип келген. Ал эми Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде Өкмөттүн токтому менен 7-май – Байланыш жана радио күнү –деп белгиленген.
Кошумчалай кетсек, азыркы убакта Кыргызстанда 30дан ашуун радиостанциялар иштеп келе жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүндөн тарта Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

Бүгүндөн тарта Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиришти. 7, 8, 10, 11-майда Бишкек—Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3902-чакырымы) жолго кооптуулук пайда кылган таштар түшүрүлөт. Таш кулатуу иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, унаа жол жарым-жартылай тосулат. […]

Сизге жагышы мүмкүн