Өмүрбек Суваналиев, саясатчы: “Нурлан Сулаймановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек”

Автор

“Эгер Адахан Мадумаровду 275 метр жерге туура эмес кол коюп койгон дешип, кылмыш жоопкерчилигине тарта турган болушса, алгач, мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулаймановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Анткени, ал транспорт министри катары 2010-жылы ушул маселе боюнча Тажикстан менен чоң жыйын өткөрүп, ошол жолду оңдогон”,- деп билдирди саясатчы Өмүрбек Суваналиев. “Азыр анын баласы депутат болуп жүрбөйбү. Аны эч ким күнөөлөй элек. Ошондуктан, мен муну саясий кадам болуп жатат деп айтаар элем. Бул туура эмес”,- деди “Тет-а-тет” берүүсүнө маек берип жатып. Саясатчы өлкөдө кош бийлик болуп жатканын айтып, бул күн сайын күчөп баратканына элдин көңүлүн бурду.

Бөлүшүү:
Next Post

Поезд кагылышып, 288 киши каза болуп, 900дөн ашууну жаракат алды

Индияда поезддин кагылышынан 900дөн ашуун адам жаракат алды. Окуядан 288 адам көз жумду. Автоунаалардын астында дагы деле жүргүнчүлөр болушу мүмкүн. Каргашалуу кырсык жума күнү Индиянын Баласор шаарына жакын жерде болгон. Калькутта менен Ченнайдын ортосунда жүргүнчү ташыган поезд жүк ташуучу поезд менен кагылышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн