Тынчтыкбек Алтымышев, журналист: “Жеңил өнөр жайда абал оор”

Автор

ККМден эмес, коңшулардай эл аралык соода мамиледе кополдугубуздан улам жакында Дордой, Мадина, Кара-Суу базарлары жабылышы мүмкүн. Жеңил өнөр жай жалп дейт…

Себеби, Өзбекстан Кытай менен 20 күндүк визасыз режимге өтүп алды, Казакстан болсо Кытай менен бир айлык визасыз режимге май айында кол коет. Эки өлкө жарандары өлкөлөр ортосунда визасы жок эле каттап баштайт. Бул товар алмашууну, жүк ташууну 100 эсеге арбытаары турган иш. Инвестициялык агым да бурулат, анткени  акчалуу адамдар бир айда коңшулардын рыногун изилдеп, мыйзамдарын окуп, пайда бере турган бошжылчык болсо баса калып, долбоорлорун ишке ашырышат…

Биз болсо “кытай басат” деген сокур рамкадан чыга албай мүмкүнчүлүктөрдү колдон учуруудабыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Чоң Чүй каналын бетондоо иштери башталды

Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Чоң Чүй каналын (БЧК) бетондоо иштерине старт берди. Депутат демилгелеген бул иш президент Садыр Жапаров тарабынан колдоо тапты. Аталган иш – чарага жай тургундар менен бирге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн