reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

56 жаштагы жапониялык чабуулчу дебют жасады

Son Güncelleme :

24 апреля 2023 - 9:39

reklam
56 жаштагы жапониялык чабуулчу дебют жасады
reklam

Япониялык чабуулчу Кадзуёси Миура Португалиянын экинчи лигасында «Оливейренсе» футболдук клубунун курамында дебют жасады.

Атактуу футболчу  29-турдун алкагында  конокто «Академика де Визеу» менен болгон беттешинде экинчи таймда кошумча убакытта алмаштырууга кирип, команда 4:1 эсебинде утуп алган. Миура 56 жаш, 1 ай 24 күн бою дебют жасады.

«Оливейренсе»  клубу учурда Португалиянын экинчи лигасында 29 матчтан 37 упай менен тогузунчу орунда турат.

Белгилей кетсек, 1997-жылы Миура Япония курама командасынын курамында Казакстандын курамасына каршы 1998-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо беттешине катышкан. Алматыдагы беттеш 1:1 эсеби менен аяктаган.

reklam