Акыйкатчынын орду талашка түштүбү?

Автор

Атыр Абдрахматова Акыйкатчынын кызмат ордун тапшырып кеткенден кийин ал жер талашка түшкөнү, айрым саясатчылар партия лидерлеринин эшигин каккылап жатканы каңкууланууда. Өмүрбек Бабановдун партиясын жетектеп, ал жерден кеткенден “Альянс” партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бирине айланган Мирлан Жээнчороев Акыйкатчы кызматына аттанганы айтылып жатат. Октябрь окуяларынан кийин жаңы бийликке ичи чыкпаган саясатчы катары Мирлан Жээнчороев билимдүү жана тажрыйбалуу кадр экени талашсыз. Бирок, коомчулук парламент жаш саясатчыны жыгып, Акүйдүн боорун үйлөгөн кадрды өткөзөт деген пикирде. Анда, Мирлан Жээнчороев оппозициянын анабашына айланабы?

Бөлүшүү:
Next Post

Акыйкатчылык кызматка Жээнчороевдин талапкерлиги сунушталды

Жогорку Кеңештин “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу биргелешип акыйкатчылыкка экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөттү. Мирлан Жээнчороев 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Соңку парламенттик шайлоого “Альянс” партиясынын тизмеси менен катышкан. Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата […]

Сизге жагышы мүмкүн