“Борбор Азия – Кытай” саммитинде Сиань декларациясы кабыл алынды

Автор

Бүгүн, 19-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

Бул документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдан төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Жылуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өлкө лидерлери Борбор Азия жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы достук алмашууларды ар тараптуу жыйынтыктап, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын тажрыйбасын жалпылаштырып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттарын белгилеп алышты.

Мындан тышкары, саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

 

— “Борбор Азия – Кытай” өнөр жай-инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 

— “Борбор Азия – Кытай” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 

— Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 

— «Борбор Азия — Кытай» форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 

— “Борбор Азия – Кытай” айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 

— “Борбор Азия – Кытай” форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;

 

— «Борбор Азия — Кытай» форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

 

— “Борбор Азия – Кытай” Ишкер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

 

Кол коюу аземинен кийин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады.

Бөлүшүү:
Next Post

Хиросимадагы G7 саммити Тынчтык мемориалдык паркына баруу менен башталды

Жетиликтин (Чоң жетинин) Хиросимадагы саммитинин расмий программасы жума күнү 1945-жылы америкалык атомдук бомбалоонун курмандыктарынын элесине арналган Тынчтык паркына баруу менен башталды. Арасында ядролук державалар (АКШ, Улуу Британия, Франция) бар G7 өлкөлөрүнүн лидерлери Хиросимадагы мемориалдык комплекске мындай курамда биринчи жолу барышууда. Иш-чаранын программасында Тынчтык музейине баруу камтылган, анда жардыруудан курман болгондордун […]

Сизге жагышы мүмкүн