

Ош-Баткен-Исфана жолун куруп жаткан «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан 40 млн сомдук жемкорлук аныкталган. Мындай маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган ишкананын тийиштүү жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланышып, Ош-Баткен-Исфана жолун реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттын эсебинен 40. 888 миң сомду өз максаттарына колдонуп коюшкан»,- деп айтылат маалыматта.