ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 26-апрелден 29-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

 

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы эн тамга жаңычылдыктын үлгүсү

Эл аралык “Сапат” билим берүү  мекемелеринин жаңы эн тамгасы жаңычылдыктын үлгүсү болуп калды. 1992-жылдан бери өзгөрүүсүз келаткан эмблема быйыл “Сапаттын” АКШ жана Европада окуган бүтүрүүчүлөрү тарабынан демилгеленип, жетекчилик тарабынан колдоо тапкан. Жаңы эмблема коомчулук тарабынан колдоого алынып жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн