31-майга карата аба ырайы

Автор

Эртең, 31-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

 

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

 

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26.

 

Бишкекте түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Көркөм гимнастика боюнча курама команда эл аралык мелдеште 4 коло медаль утту

Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча курама командасы Россиянын Красноярск шаарында өткөн эл аралык мелдеште 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-27-май аралыгында өткөн мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытай, Италия, Бельгия, Армения жана Азербайжандын спортчулар катышты. Командалык жарышта Аяна Токушова, Арууке Молдодосова, Рухшана […]

Сизге жагышы мүмкүн