Көркөм гимнастика боюнча курама команда эл аралык мелдеште 4 коло медаль утту

Автор

Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча курама командасы Россиянын Красноярск шаарында өткөн эл аралык мелдеште 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-27-май аралыгында өткөн мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытай, Италия, Бельгия, Армения жана Азербайжандын спортчулар катышты.

Командалык жарышта Аяна Токушова, Арууке Молдодосова, Рухшана Абдыкахарова, Жибек Райымбекова, Бегайым Кушбакалиева жана Бегимай Фронтбекова үчүнчү орунду ээлеп, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ал эми жекелик оюндарда Ангелина Есикова, Арууке Курманбекова, Анна Адмакина жана Александра Удадова коло медаль тагынышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кремль: Москвага чабуул Киевдеги чечим кабыл алуу борборуна жасалган соккуга жооп болду

Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвага учкучсуз учактын чабуулу Киевдеги чечим кабыл алуу борборлоруна жасаган соккусуна өч алуу болгонун билдирди. «Баары талаптагыдай иштеди. Алар жакшы иштешти. Абадан коргонуу системасы да жакшы иштеди. Кеп биздин чечимдерди кабыл алуу борборлорунун бирине абдан эффективдүү сокку урууга Киев режиминин жообу жөнүндө болуп […]

Сизге жагышы мүмкүн