29 миңге жакын бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Автор

Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу:
Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)
Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)
Нарын облусу: 2109 (жалпы квота – 7 миң 741)
Баткен облусу: 3244 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ош облусу: 5052 (жалпы квота – 35 миң 785)
Талас облусу: 1568 (жалпы квота – 6 миң 957)
Чүй облусу: 4086 (жалпы квота – 31 миң 474)
Бишкек шаары: 4117 (жалпы квота – 17 миң 908)
Ош шаары: 699 (жалпы квота – 11 миң 233)
Толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Кабыл алуу эки этапта жүргүзүлөт: 8-апрелден 2-июнга чейин юридикалык каттоодон жери боюнча, ал эми экинчи этап – 3-июндан 30-августка чейин жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге каттаса болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Эми жер саткычтар боюнча күрөш жүрөбү?

Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиевден жардам сурап, адилеттүүлүк издегендер көбөйдү. Азыр коомчулукта “мурункулар мамлекетти тоноп, сазга белинен батырышкан турбайбы”,- деген пикирлер күч алууда. Чынында, УКМК кайсы тармакка кол сунса, жегичтерге ырастап жатат. Эми жер саткыч жетекчилерге кезек келгени, үлкөн шаарлардын мурдагы жетекчилери кылтакка илинээри, учурда айыл өкмөттөр боюнча иш […]

Сизге жагышы мүмкүн