Париж-2024: Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Автор

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Азиялык Олимпиадалык квалификациялык мелдеште Мээрим Жуманазрова 68 кг салмакта күч сынашты.
Ал жарым финалында ал өзбекстандык Набира Эсенбава менен күрөшүп, 7:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен Жуманазарова Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.
Азиялык лицензиялык мелдеште спортчулар жарым финалга чейин гана күрөшөт, финалдык беттештер болбойт. Ар бир салмакта жарым финалда жеңүүчү болгон экиден балбанга Олимпиадага лицензия берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто селден бир адам каза болду

Ош облусунда жеңил унааны сел суусу агызып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымдарында 1 жеңил унааны сел агызып, унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон ( аты-жөндөрү такталууда). 2 аял кишини […]

Сизге жагышы мүмкүн