27-июнда күтүлгөн аба ырайы

Автор

27-июнь түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы 2-орунду ээледи

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасында 2-орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында  өттү. Мелдешке жалпы 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнистан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалары катышты. Курама командалар өз ара айлампада ойношту. Жыйынтыгында Иран курама командасы 16 упай менен 1-орунду ээледи. […]

Сизге жагышы мүмкүн