Кыргызстанга 281 унаа мыйзамсыз ташылып келген

Автор

Кыргызстанга унаалар мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 281 унааны мыйзамсыз ташып келүү жана аларды андан ары легалдаштыруу фактылары аныкталды.

“Унааларды алгачкы каттоону жана каттоого коюуну жүргүзүү үчүн Кыргызстандын каттоо органдарына АМТК үчүн жасалма документтер (автотранспорт каражатын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк, жөнөтүүчү өлкөдөн АМТКны каттоодон чыгаруу жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтер, анда жөнөтүүчү өлкө катары ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер көрсөтүлгөн) берилген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 285 млн 876 миң ​​484 сомду түзгөн.

Материалдар КБР МКЖ АДСда катталып, Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

14-апрелде күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-апрелде өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.   Аба температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,   Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,   Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22.   Бишкек шаарында жаан-чачын […]

Сизге жагышы мүмкүн