ЖЕЭКтин жыйынында 20га жакын документке кол коюлду

Автор

Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

-“ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө «Евразия экономикалык жолу» декларациясын ишке ашыруу боюнча «Иш-чаралар планы жөнүндө (“жол картасы”)” тескеме.

-Евразия экономикалык бирлигинин алкагында 2030-жылга жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө «Евразия экономикалык жолу» декларациясы.

-Евразия экономикалык бирлигинин 2024-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттары жөнүндө чечим.

-“Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы жөнүндө” чечим.

-«Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда жеке курам жана милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» чечим.

-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын жана аларды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө” тескеме.

-«2024-2025-жылдарга карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө» чечим

-Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө 2017-жылдын 11-апрелиндеги өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.

-«Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим.

-«Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим.

-«Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечим.

-“Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жакындаштырууга тийиш болгон табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жөнүндө” тескеме.

-«Евразия экономикалык бирлигинин органдарына төрагалык кылуу жөнүндө» чечим.

-«Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьяларынын кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө» чечим.

-«Евразия экономикалык бирлигинин бюджети жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечим.

-«Евразия экономикалык бирлигинин Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» чечим.

-«Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» тескеме.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл жаңы жылдык дасторкондо эмнелер популярдуу болот?

2024-жылы жаңы жылдык дасторкон сиздин каалооңузга жана табитиңизге жараша ар кандай стилде жана темада жасалгаланышы мүмкүн. Бирок, мен сизге үстөлдү кооздоо боюнча бир нече идеяларды сунуш кыла алам, алар 2024-жылы популярдуу болот. 1. Футуристтик стиль: Келечектен шыктанган үстөл түзө аласыз, металл жана хром элементтерин, жарыктын көк жана кызгылт көк түстөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн