«Акыркы коңгуроого» акча чогултууга тыюу салынды

Автор

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда саат 9:00дө «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтөт. Бул  тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында буйругу чыкты.

Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө акча чогултууларга ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда «Акыркы коңгуроо» салтанатынан башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери күзөт уюштурат. Мектептен тышкары жактарда өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна  ата-энелер жооптуу болот.

Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

ЮНЕСКО сүрөтчүлөрдүн укугун коргоого 1 млн доллар бөлөт

ЮНЕСКО дүйнө жүзү боюнча сүрөтчүлөрдү укуктук жактан коргоого 1 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун сайтына жарыяланды. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 1200дөн ашык искусство эркиндигин бузуу фактылары катталган. 12 өлкөдө 39 сүрөтчү өлтүрүлгөн. 24 өлкөдө 119 сүрөтчү абакта отурган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн