Путин: Келечектин оюндары – дискриминациядан жана кош стандарттардан эркиндик

Автор

“Келечектин оюндары” турнири – бул саясий шарттардан, дискриминациядан жана кош стандарттардан эркиндик. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Казанда келечек оюндардын ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы Келечектеги оюндар салт менен азыркы заманды, жогорку интеллекттин, спорт менен технологиянын, билим менен илимдин гармониясын айкалыштырганын белгиледи.
“Биздин көз алдыбызда калыптанып жаткан көп кырдуу, көп полярдуу, эркин жана атаандаштыкка жөндөмдүү дүйнөдөгү тез өзгөрүү доорунда адамга ушунун баары ар тараптуу өнүгүү жана ийгилик үчүн керек”, – деп баса белгиледи Владимир Путин.
Анын айтымында, Келечек оюндарынын өзгөчө баалуулугу спорттун негизги, фундаменталдык принциптерин – дүйнө өлкөлөрүнүн жана элдеринин тилектештигин, бардык спортчулардын тең укуктуулугун жана адилеттүүлүктү ырастаганында.
“Келечектин оюндары саясий конъюнктуралардан, ар кандай басмырлоолордон жана кош стандарттардан эркин болуу. Турнир аянттарында нукура спорт өкүмүн жүргүзөрүнө ишенем”,-деди Путин.
Казань шаарында “Келечектин оюндары” эл аралык турнири 21-февралда салтанаттуу ачылды. Ага Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана бир катар ардактуу коноктор катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Ачылыштын алдында мамлекеттердин башчылары мультиспорттук турнир өтө турган жерлерди көрүп чыгышты.
“Келечектин оюндары” “фижитал” концепциясына негизделген спорттун, киберспорттун, илимдин жана технологиянын биргелешкен масштабдуу спорттук иш-чарасы 3-мартка чейин уланмакчы. Анда дүйнөнүн ар тарабынан келгендер таймашып, 30дай мамлекетте түз алып көрсөтүү болот. Оюндарга 100гө жакын өлкөдөн 260тан ашык команда жана 2000 спортчу катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасы Азия чемпионатынан кайтып келди

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Бактияр Бокоев, КР Жеңил атлетика боюнча федерациясынын башкы катчысы Мелис Надырбеков жана […]

Сизге жагышы мүмкүн