22-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Автор

22-сентябрга караган түнү Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй өрөөнүндө жаан катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17,

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +17…+22,

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14,

 

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14.

 

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +15…+17.

Бөлүшүү:
Next Post

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов   Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда. Махмудов аталган мелдеште норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга […]

Сизге жагышы мүмкүн