22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүйдө түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай Байдендин сөздөрүнө реакция кылды

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги лидер Си Цзиньпинди диктатор деп атаган АКШ президенти Жо Байдендин акыркы сөздөрүнө нааразылык билдирди. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин «Америкалык тараптын билдирүүлөрү өтө абсурд, өтө жоопкерчиликсиз, фактыларга карама-каршы, дипломатиялык этикетти одоно бузган, ачык саясий провокация. Кытай катуу нааразычылыгын билдирет”,-деди ал. АКШнын мамлекеттик […]

Сизге жагышы мүмкүн