2036-жылкы Олимпиада оюндары Катарда өтөт

Автор

2036-жылы жайкы Олимпиада оюндары өтө турган жер белгилүү болду. Катардын борбору Доха Олимпиаданы кабыл алат.
Учурда Катар менен Эл аралык Олимпиада комитети акыркы деталдарды макулдашып жатышат.
Буга чейин 2028-жылкы оюндар Лос-Анжелесте өтөөрү белгилүү болгон. 2032-жылкы Олимпиаданы Австралиянын Брисбен шаарында өткөрөт.
Катар Доха он жылдан ашык убакыттан бери дүйнөлүк ири иш-чараларды өткөрүп жаткандыктан тандалып алынган.
Эске салсак, Олимпиада оюндарынын болочок борборуна гандбол боюнча дүйнө чемпионаты (2015), велоспорт боюнча дүйнөлүк чемпионат (2016), көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионаты (2018) жана жеңил атлетика (2019) кирет. 2022-жылы Катар футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөргөн. Баскетбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 2027-жылы Дохада өтүүсү күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Путиндин Вьетнамга сапары пландаштырылууда

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко журналисттерге президент Владимир Путиндин Вьетнамга жана Түндүк Кореяга иш-сапарына даярдык жүрүп жатканын айтты. Түндүк Кореяга баруу пландары мурда белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вьетнамга барууга даярдыктар тууралуу маалыматты тастыктады. «Чындыгында иш сапарга даярдыктар жүрүп жатат. Биз убактысы тууралуу […]

Сизге жагышы мүмкүн