2023-жылы 50 миң борбор азиялык АКШ чек арасынан өткөн

Автор

АКШнын Монтана штатынын сенатору Стив Дэйнс 2023-жылы 50 миңден ашуун борбор азиялыктар АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнүн билдирди. Чек арадагы мигранттар кризиси боюнча Стив Дэйнс АКШнын президенти Жо Байденге кат жазып, аны чара көрүүгө үндөдү.
АКШда башпаанек сурап жаткандарга көз салган коммерциялык эмес “Transaction Records Analysis Center” уюмунун маалыматы боюнча, учурда Борбор Азиянын 40 миң жараны мындай иштер боюнча соттун каралышын күтүп жатышат. Алардын 17 миңи Өзбекстандын, 7 миңи Кыргызстандын, 3 миңи Тажикстандын, 2,7 миңи Казакстандын, 2 миңи Түркмөнстандын жарандары.
Daily Mail келтирген расмий маалыматтарга караганда, Байден бийликке келген 2021-жылдан бери 7,3 миллиондон ашуун мигрант АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Мигранттардын айына рекорддук саны 2023-жылдын декабрында белгиленип, 302 миңден ашкан. Алардын 19у ФБРдин издөөдө жүргөн террористтеринин тизмесине киргени белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги «Арзу» менен «Тайм Аут» кафелери буздурулуп жатат

Бүгүн, 1-мартта Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Арзу” жана “Тайм Аут» кафелерин мэрия бузуп баштады. Ал жерге Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун мурда бузулуп кеткен чакан аренасы кайрадан салынат. Кафелердин ээлерине шаардын башка аймагынан жер берилмек болду. Аталган кафелер Тоголок Молдо көчөсүндө жайланышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн