20-апрелде күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

 

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус болот.

 

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар экинчи жолу ата болот

Француздардын “Пари Сен-Жермен”  клубунун футболчусу Неймар жана анын сүйүктүүсү Бруна Бианкарди наристе күтүп жатканын жарыялашты. Бразилиялык чабуулчунун  буга чейин мурунку мамилесинен бир уулу бар. “Биз сенин жашооңду кыялданып, келүүңдү пландап жатабыз. Биздин күндөрүбүздү алда канча бактылуу кылаарыңды билебиз”, – деп жазды Неймардын сүйүктүүсү социалдык тармактарга. Неймар “Сантос” клубунун тарбиялануучусу, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн