Жарык эмнеге өчүрүлүп жаткандыгынын себеби айтылды

Автор

Кыргызстанда кечээтен тарта электр энергиясын берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
«Улуттук электр тармагы» ишканасынын маалыматка караганда, мындай чара Токтогул жана Үч-Корган ГЭСтеринде гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери башталганы менен түшүндүрдү.
Жалпы кубаттуулук 290 МВт чейин азайтылат, мындан улам керектөө көп болгон сааттарда чектөө киргизилет: эртең менен 06:00дөн 09:00гө чейин, кечкисин 18:00дөн 21:00гө чейин.
Энергетиктер абоненттердин эсептегичтеринде да кубаттуулукту убактылуу азайтып жатышат.
«Керектөөчүлөрдү бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууну жана электр энергиясын үнөмдөөгө, бир эле учурда бир нече энергияны көп жеген электр жабдууларын иштетпөөгө чакырабыз», — деп билдирди ишкана.

Бөлүшүү:
Next Post

Өпкө менен боорду бир убакта көчүргөн операция ийгиликтүү аяктады

Япониянын Киото университетинин ооруканасы дүйнөдө биринчи жолу тирүү донорлордон өпкө менен боорду бир убакта трансплантациялоо операциясын ийгиликтүү ишке ашырганы кабарланды. Профессор Дате Хироши жана анын командасы бул тууралуу дүйшөмбү күнү пресс-конференцияда жарыялашты. Алар операция өткөн жылдын ноябрында жасалганын билдирди. 10 жаштагы оор тубаса оорусунан жабыркаган бала ата-энесинин өпкөсүнүн жана чоң […]

Сизге жагышы мүмкүн