20 миллионунчу жаранга 4,3 миң доллар жана атайын үлгүдөгү күбөлүк берилет

Автор

14-ноябрь күнү эртең менен Казакстанда 20 миллионунчу жарандын бешөө төрөлгөнүн Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
20 миллионунчу жарандарга өзгөчө үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана ар бирине 2 миллион теңге же 4,3 миң доллар сертификаттарды алышат.
Бул каражаттар “Отбасы Банктын” Балдар үчүн улуттук фондунун долбоорунун алкагында түзүлгөн турак жай аманат эсептерине түшөрү күтүлүүдө.
«Биз аларга ар бирине 2 миллион теңге болгон белек сертификатын беребиз. Бул жөн эле белек эмес, жаркын келечекке жолдомо»,-деди «Отбасы Банк» башкармалыгынын төрайымы Ляззат Ибрагимова.

Бөлүшүү:
Next Post

“Акшумкарлар”  Малайзиядан утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзиянын курамасынан 4:3 эсебинде утулуп калды. Беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Куала-Лумпур шаарындагы “Букит Жалил” стадионунда өттү. 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Омандын курамалары менен кез келет. Дүйнө чемпионатынын […]

Сизге жагышы мүмкүн