reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 742.658 % -0.318
Соңку кабар
reklam
Google News

18-апрелде күтүлгөн аба ырайы

Son Güncelleme :

17 апреля 2023 - 16:17

reklam
18-апрелде күтүлгөн аба ырайы
reklam

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан карга айланат. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Ош, Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолорго кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11,

 

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

 

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн үшүк жүрүп, абанын температурасы +1…+6, күндүз +6…+11 градус болот.

 

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +6…+8 градус болот.

reklam