17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Автор

Келе жаткан ишембиде, 17-июнда, Бишкектин чыгыш тарабы саат 20:30дан 00:00гө чейин жабылат

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, калаада жыл сайын өтүүчү KFC Night Run жарышы болот. Жөө күлүктөр өздөрүнүн тандаган аралыгына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат.

Жабыла турган көчөлөр:

 

Валиханов көчөсүнүн чыгыш тарабы — Анкара көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине (түштүктөн түндүккө карай) чейин. Көчөнүн батыш жагы убактылуу эки тараптуу иштеп турат;

 

Чүй проспектиси — Валихановдон баштап Ауэзов көчөсүнө (батыштан чыгышкан карай) чейин, проспектидеги кыймыл жолдун түндүк жагында убактылуу эки тараптуу болуп турат.

 

Жарыштын уюштуруучулары 2 миң 500 жөө күлүктү чогултууга ниет кылып жатат. Түшкөн акчанын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Берлусконинин тажыясы Милан соборунда өтөт

Италиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлусконинин сөөгү салынган табыт саясатчы каза болгон Миландагы Сан-Рафаэле ооруканасынан анын Аркоредеги Сан-Мартино вилласына жеткирилет. Коштошуу иш-чарасын Милан архиепискобу Марио Энрико Дельпини өткөрөт. Берлускони 12-июнда көз жумган. Саясатчы 9-июнда ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер ага лейкоз жана пневмония деген диагноз коюшкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн