“Чычкан аке суу бер!”: Элдик курултайда эң көп суу маселеси көтөрүлдү

Автор

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү уланууда. Түшкү тыныгуудан соң делегаттар кайрадан өз аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди, жарандардын үнүн жеткирүү үчүн жарыш сөзгө чыгышты.
Панфилов районунан келген делегат Бейшенбай Үметов аталган район Чуй облусундагы суу тартыштыгы боюнча алдыңкы орунда турарын билдирди. Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылынан келген делегаты Тентимиш Токторов айылда суу көйгөйү курч маселелердин бири экендигин айтты.
Мындан тышкары жарыш сөзгө чыккан ар бир үчүнчү делегат суу көйгөйүн көтөрүп жатышат. Ушул сааттарга чейин кечээки күн менен эсептегенде 129 делегат өз ой-сунуштарын айтууга жетишти.
Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров тууну өзгөртүү боюнча оюн айтты

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү аяктады. Эки күндүн ичинде 129 делегат өз ой-сунуштарын айтууга жетишти. Андан кийин президент курултайдын катышуучулары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берип, мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди. Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга […]

Сизге жагышы мүмкүн