16-январда күтүлгөн аба ырайы

Автор

16-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Мария Шарапова Америкадан 11,5 миллион долларга үй сатып алды

Орусиялык мурдагы теннисчи Мария Шарапова АКШдан мүлккө ээ болду. Атактуу спортчу Монтекитодо (Калифорния) 11,5 миллион долларга кыймылсыз мүлктүн ээси болуп калды. 2020-жылдын февраль айында Шарапова спорттук карьерасын аяктаганын жарыялаган. Он ай өткөндөн кийин ал британиялык ишкер Александр Гилкс менен сүйлөшүп жатканын жарыялап, 2022-жылдын 1-июлунда жубайлар Теодор аттуу уулдуу болушкан. Белгилей […]

Сизге жагышы мүмкүн