Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери  иштен алынды

Автор

Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 50гө жакын бажы кызматкери криминалдык авторитет Камчы Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ: Афганистанды калыбына келтирүүгө 93 миллион доллардай каражат керек

БУУнун маалыматы боюнча октябрда Афганистанда болгон жер титирөөлөрдөн 1500 адам каза болуп, 2000дейи жарадар болду.  3330дан ашык үй кыйраган. Уюмдун эсеби боюнча, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 93,6 миллион доллар керектелет. Анын ичинен донорлор жана фонддор 15,5 миллион доллар жана 10 миллион долларды берүүгө макул болушкан. Кыйраган имараттардагы урандылардын көп топтолушу […]

Сизге жагышы мүмкүн