Мария Шарапова Америкадан 11,5 миллион долларга үй сатып алды

Автор

Орусиялык мурдагы теннисчи Мария Шарапова АКШдан мүлккө ээ болду. Атактуу спортчу Монтекитодо (Калифорния) 11,5 миллион долларга кыймылсыз мүлктүн ээси болуп калды.
2020-жылдын февраль айында Шарапова спорттук карьерасын аяктаганын жарыялаган. Он ай өткөндөн кийин ал британиялык ишкер Александр Гилкс менен сүйлөшүп жатканын жарыялап, 2022-жылдын 1-июлунда жубайлар Теодор аттуу уулдуу болушкан.
Белгилей кетсек, Мария Шарапова аялдардын теннис ассоциациясынын (WTA) 39 турниринин жеңүүчүсү, 2005-жылы дүйнөнүн биринчи ракеткасы болгон. Бул жылдар аралыгында спортчу бардык Чоң шлем турнирлерин жеңип алган. 2012-жылы Лондон олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жол кире акысы 30-январдан тарта көтөрүлөт

Бишкекте 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Кубанычбек Конгантиев кечээ кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошентип, 30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 […]

Сизге жагышы мүмкүн