13-июнда күтүлгөн аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

 

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

 

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32.

 

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Берлусконинин мурасы 4 миллиард еврого бааланды

12-июнь күнү эртең менен көз жумган Италиянын мурдагы премьер-министри жана “Италия алга”  партиясынын негиздөөчүсү Сильвио Берлускониден калган мурас 4 миллиард еврого жакын деп бааланууда. Берлусконинин негизги активдерине ал 1978-жылы негиздеген Fininvest медиа тобунун 61 пайыз үлүшү кирет.  Калган үлүштөр анын балдарына таандык.  2021-жылдагы отчетко ылайык, компаниянын таза кирешеси 4,9 миллиард […]

Сизге жагышы мүмкүн