Автомектептер талапка жооп бербейт

Автор

Өлкөбүздө айдоочуулукка окуткан 273 автомектепке лиценция берилген. Анын 203 мектеби жеке тараптарга таандык. 70и мамлекеттик мектептер болуп эсептелет. Текшерүүнүн жыйынтыгында жеке тараптарга таандык мектептерге 236 жолу эскертүү берилип, 3 млн сомдон ашык жазалары төлөнгөн, 23 мектеп 3 айга жабылган. Мындай маалыматты Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов “Марал” радиосунун түз эфиринде билдирген. Ал Автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү үчүн Унаа мекемеси агенттик катары өзгөргөнү туура болду деп эсептейт. “Анткени, талапка жооп берген автомектептер өтө аз”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Калемгерлер арасында “Алтын калем” улуттук сыйлыгы жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен  биргеликте  калемгерлерге арналган “Алтын калем” улуттук сыйлыгына сынак жарыялайт. Бул сынак  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен  “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” тарабынан акыркы жылдары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Сынактын максаты  […]

Сизге жагышы мүмкүн