12 жаштагы казакстандык ырчы “Славян базары” Гран-присин жеңип алды

Автор

12 жаштагы казакстандык Шерхан Арыстан “Славян базарынын” алкагында өткөн XXI Эл аралык “Витебск” балдар музыкалык сынагында Гран-при жеңип алды.

Калыстар тобу Шерхан Арыстандын өнөрүн жогору баалап, эки күндө тең максималдуу упайларды – 70 упайдан коюшту. Жыйынтыгында ал 140 упай алып, бардык катышуучуларды айланып өтүүгө мүмкүндүк берди. Белоруссиядан келген 14 жаштагы София Рустамова 136 упай топтоп, экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орун армениялык 11 жаштагы Анахит Галстянга (133 упай) таандык. Мелдешке дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн балдар катышты.

Жаш аткаруучу сыйлыкты Беларусь президенти Александр Лукашенконун колунан “Витебсктеги Славян базары” XXXII эл аралык искусство фестивалынын ачылыш аземинде алды.

Бөлүшүү:
Next Post

15-июлга карата аба ырайы

Эртең, 15-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин ысык болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;   Таласта түнкүсүн 11…26, күндүз 29…34;   Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында […]

Сизге жагышы мүмкүн