12-августта күтүлгөн аба ырайы

Автор

12-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал -Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;

 

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

 

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26 градус жылыйт.

 

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 26…28 градус ысык болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек жана Жалал-Абад шаарында "Барселонанын" футбол академиясы ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишеке жана  Жалал-Абад шаарында “Барселона” футбол клубунун 29-академиясынын ачылышы болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти. Аталган академия жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башка франшизалар JalGroup Asia компаниясына таандык. Академиянын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстанга “Барселона” ФКнын легендарлуу оюнчулары келет. Алардын арасында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, […]

Сизге жагышы мүмкүн