Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек?

Автор

Күн аябай ысыган убакытта мүмкүн болсо көлөкө жерде болуңуз, зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз оң;

Өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;

Кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк чай суусунду жакшы кандырып, организимге пайдалуу;

Ичүүчү суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;

Сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек;

Сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

Сунушталбаган, тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров Эл аралык Астана форумуна катышууда

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн “Астана” Конгресс-борборуна келди. Иш-чара саламдашуу аземи жана форумга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын биргелешип сүрөткө түшүрүү менен башталды. Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана […]

Сизге жагышы мүмкүн