12-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.
Курмат айт намазы мечиттерде гана окулат
Шей Июн 11 , 2024
Кыргызстанда Курман айт майрамына карата айт намазы аянттарда окулбайт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка караганда, айт намазы жума мечиттерде окулат. Айт намаздын программасы: 06:15-07:25 — баяндар; 7:25-7:30 — айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү; 07:30 — Курман айт намазы. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/06/52e0d130-5868-320c-aa90-757817d159e4.jpg)