Быйылкы ажылык сапардын баасы айтылды

Автор

Кыргызстан дин иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча быйылкы, 2024-жылдагы ажылык сапарынын баасы 3 миң 750 доллар болду.
Ажыга аттануучулар 4-мартка чейин РСК Банктагы атайын эсепке төлөмдү жаткырышы керек.
Белгилей кетсек, быйыл Меккеге зыяратка 6 миң 60 кыргыз жараны бара алат.
Былтыркы жылы Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнсө, ажылык сапардын баасы 3,9 миң доллар болгон. Муфтият жылдан жылга зыяратчыларга Мекке жана Медина шаарларында жакшы шарттар түзүлүп жатканын айтып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Кыргызстандык 5 спортчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык спортчулар быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 5 жолдомо утуп алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, учурда Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү), Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү), Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү) жана Денис Петрашовдо (суучул) жолдомо бар. […]

Сизге жагышы мүмкүн